• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дагы эки базарда коронавирустан улам дезинфекция жасалды

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бишкекте инфекциялык оорууларды, анын ичинде коронавирусту алдын алуу максатында дагы эки базарда дезинфекция жасалды.

Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, дезинфекция иштери "Орто-Сай" жана "Ак-Эмир" базарында жүргүзүлгөн.

Учурда шаарда дезинфекциялоо иштери уланып жатат.

Мындан мурдараак Ош жана Аламүдүн базарларында дезинфекция жүргүзүлгөнү айтылган.

Пикир

Оставить комментарий