• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

ИИМ: Жаш кызды сабап жатканы тартылган видеодогу окуя Кыргызстанда болгон эмес

Коом 0

Бишкек 17.04.23. /Кабар/. Интернет желесинде "Атасы УКМКда, апасы Билим берүү министрлигинде иштеген окуучу кыз классташын мыкаачылык менен кордоп, сабап жаткан видео чыкты" аталыштагы маалымат Кыргызстандын аймагында болгон эмес. Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлиги билдирет.

Ведомстводон окуя Кыргызстандын аймагында болгон деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын баса белгилешти. "Бул эски тасма жана Казакстан Республикасынын аймагында болгондугу белгилүү болгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы бир нече күндөн бери интернет желесинде жана ар кандай тиркемелер аркылуу окуучу кыз классташын мыкаачылык менен уруп жатат деген видео тарап жатат. Окуя коңшу Казакстандагы соода-борборунун бириндеги дааратканада болгон.

ИИМ жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.

Кылмыш жөнүндө атайылап жалган маалымат жасоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келерин Ички иштер министрлиги дагы бир жолу эскертет.

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана интернетте кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого, мүмкүн болгон фактылар боюнча "102" номери аркылуу ички иштер органдарына билдирүүгө чакырат.

ИИМ мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой тургандыгын дагы бир ирет эскертет.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий