• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Киев көчөсүндөгү имарат оңдолот

Коом 0

Бишкек, 05.06.21. /Кабар/. Бишкектеги Киев көчөсү №135 дарегинде жайгашкан имарат оңдолот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардыктар жана бул имараттын тургундары Бишкек шаарынын мэриясына имараттынын маңдайкы бөлүгүн оңдоо боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Жумушту жүргүзүү үчүн борбордун тышкы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган жана кызматташууга даяр демөөрчүлөр тартылат.

Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев үйдүн фасадын калыбына келтирүүгө киришүүдөн мурун, ага байланыштуу бир катар жумуштарды бүтүрүү керектигин белгиледи.

Негизги максаты - шаардын борбордук бөлүгүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу.

Пикир

Оставить комментарий