• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бактыбек Кудайбергенов муниципалдык менчикке кайтарылып берилген бала бакчаны текшерди

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов муниципалдык менчикке кайтарылып берилген бала бакчаны текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчы вице-мэр Азамат Сагындык уулу жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Бишкек эт комбинатынын бала бакчасында болду.

Бактыбек Кудайбергенов кичинекей бишкектиктерге ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчанын имаратын, ошондой эле жанындагы курулуштарды карап чыгып, мекемени тез арада оңдоп-түзөө тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 2019-жылы жалпы аянты 1096,7 чарчы метрди түзгөн бул имарат жана жанындагы жер тилкеси муниципалдык менчикке алынган.

Пикир

Оставить комментарий