• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки адамды уурдап, 160 миң доллар талап кылгандар кармалды

Коом 0


Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы адам уурдоо жана опузалап акча талап кылуу боюнча кылмышка шектүүлөрдү кармады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 9-октябрда ИИМге шаар тургуну кайрылып, тууганын уурдап, 160 миң доллар талап кылып жаткандарга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Маалым болгондой, эки адам уурдалган.

Бул факты боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Жабырлануучулардын жүргөн жерин аныктоо максатында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кылмышка тиешеси барларды эртелеп коркутуп албаш үчүн милиция кызматкерлери өтө кылдаттык менен иш алып барышкан.

Жогорудагылардын негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Атайын багыттагы полкунун атайын
операциялар отрядынын күчтөрүнүн жардамы Бишкек шаарынын аймагынан бул оор кылмышка шектүү катары 3 адам кармалды.

Алынган маалыматтар боюнча, шектүүлөр уурдалган 23 жана 30 жаштагы жарандарды мейманканалардын биринин аймагында 6 күн мыйзамсыз кармап турушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам уурдоонун уюштуруучусу жеке бизнеси бар адам болгон. Каржылык жактан талаш-тартыштар, пикир келишпестиктер жана карыз маселеси боюнча жогорудагы мыйзамсыз аракеттер жасалган.

Кошумчалай кетсек, уурдалган жарандарды жеке күзөт агенттиктеринин биринин эки кызматкери кайтарып турганы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда, алар кошумча иштегени үчүн кошумча акы алышкан.

Учурда үч шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, уурдалган жарандар бошотулду.

Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда далил катары уюлдук телефондору жана башка буюмдар алынган. Мындан тышкары, баңгизаттар дагы табылган. Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүү учурунда жеке күзөт агенттигинин кармалган кызматкерлеринен травматикалык тапанча жана бычак алынган.

Күзөт агекттигинин кеңсесин тинтүү учурунда ок атуучу курал, 3 газ травматикалык тапанча жана октор табылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий