• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖК улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун I окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза жана Үйбүлө кодекстерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.

Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады. Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдан балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыздар катталган.

Депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев, Медербек Алиев, Бактыбек Чойбеков аталган мыйзам долбоорун колдоого алышты. Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова мыйзам долбооруна ата-энесин багуудан качкан балдар алимент толук төлөгөн учурда жоопкерчилик тартпайт деген толуктоо киргизүү сунушун көтөрдү.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий