• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 29-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 1-июлда Бишкектеги Эмен сейил багында Эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой аталган иш чарада катышуучуларга жана конокторго музыкалык чыгармалар тартууланат. Ошондой эле, Кыргызстанда йоганын өкүлүнө (Yoga brand Ambassador) наам ыйгарылып, йога шоу тартууланат мындан тышкары коноктор аны массалык түрдө аткарышат.

Эл аралык йога күнү ар жыл сайын 21 июнда белгиленип келет. 2014-жылы декабрь айында Бириккен улуттар уюму эл аралык йога күнүн ушул күнү белгилөө боюнча резалюция кабыл алган. Ага Кыргызстан баш болуп, 177 мамлекет кошулган.

Йога - бул Индия элинин байыркы каада салттарынын бири. Ал мээни жана денени сергитип, ден-соолукка пайда алып келет.

Пикир

Оставить комментарий