• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте электр самокаттар үчүн виртуалдык токтотмолор пайда болду

Коом 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. Бишкекте электр самокаттар үчүн виртуалдык токтотмолор пайда болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "SunRent" электр самокаттарын ижарага берүү боюнча сервисинин токтотмо үчүн белгилери биринчи жолу түшүрүлдү.

Белгилер электр самокаттарын колдонуу процессин жөнөкөйлөтүү жана аны шаардыктар үчүн дагы ыңгайлуу кылуу максатында түшүрүлдү.

"Тиркемеден кызгылт сары "Р" тамгасы менен белгиленген токтотуу жерин таап, андан соң асфальтка түшүрүлгөн белгиге ылайык токтотсо болот. Виртуалдык токтотмо менен колдонууну аяктаган аймактардын саны көбөйөт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы шаардыктарды электр самокаттарын жоопкерчиликтүү пайдаланууга, токтотмолордун эрежелерин сактоого, шаардын көчөлөрүндө тартипке жана жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер же электр самокаттарын колдонуучулар болобу, бардык жол кыймылынын катышуучуларынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий