• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эркек киши күзөтчүнүн бетине калемпир толтурулган баллонду чачып жиберген

Кырсык 0

Бишкек 19.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы “Чынар М” турак жай комплексинин жашоочусу күзөтчүнүн бетине калемпир толтурулган баллондон чачып жиберген.

“Кабар” агенттигине шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 11- октябрь күнү Биринчи май райондук ИИБине Р.А., аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Ал өз кайрылуусунда аны сабаган “Чынар М” турак жайынын күзөтчүсүнө карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында үйгө кире бериштеги чип жок болгондуктан, күзөтчү ага кол көтөргөн. Натыйжада жашоочу менен күзөтчүнүн ортосунда чыр чыккан.

15-октябрь күнү дагы экөөнүн ортосунда чыр чыгып, үйдүн жашоочусу Р.А., Т.Ж. аттуу күзөтчүнүн бетине калемпир толтурулган баллондон чачып жиберген.

Окуя болгон жерге Бишкек ШИИБнин жана Биринчи май райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барган.

“Азыркы учурда материалдар боюнча иликтөө жүрүүдө, тиешелүү соттук – медициналык экспертиза дайындалган. Аталган үйдөн батирди ижарага алган жашоочу ал жактан чыгарылды ”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий