• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсеси ачылат

Коом 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун (GGGI) кеңсеси ачылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-28-октябрында экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кореянын Сеул шаарында GGGI тарабынан уюштурулган "Глобалдык жашыл өсүү - 2022" жумалыгына катышууда.

Бул иш-чаранын алкагында GGGI башкы директору Фрэнк Райсберман менен эки тараптуу жолугушуу болуп, анда тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Ошондой эле КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Меморандумдун максаты - Кыргызстанга жашыл өсүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн техникалык жардамга, финансылык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга багытталган тараптардын ортосундагы кызматташтыкты илгерилетүү, бул Кыргызстанга системалуу өтүү максатына жетишүүгө жардам берген жашыл экономиканы өнүктүрүү модели.

Жолугушууда министрдин орун басары К. Абдрахманов кыргыз тарап жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди. Атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө, парник газдарын чыгаруунун соода схемалары, ошондой эле аз эмиссиялуу транспорт каражаттарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча чаралар да буга кирет.

Ошондой эле климатка багытталган натыйжаларга жетишүү үчүн Кыргызстанда туруктуу жашыл каржылоону тартуу механизмин түзүү зарыл экендиги белгиленди. Мындай каржылоо энергетика, транспорт, айыл чарба ж.б. тармактарга багытталышы керек.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу үчүн тараптар жашыл демилгелерди илгерилетүү үчүн Кыргызстанда жергиликтүү GGGI кеңсесин ачууну макулдашты.

Маалымат үчүн: Глобалдык жашыл өнүгүү институту (GGGI) 2012-жылы Рио+20 (Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү боюнча Конференциясы) конференциясында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. Ал өлкөлөргө экономикалык өсүштүн жаңы моделин - “жашыл өсүштү” иштеп чыгууда жана жайылтууда колдоо көрсөтүп, бир эле учурда экономикалык көрсөткүчтөргө жана экологиялык туруктуулукка багытталган. GGGI иши жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго каражат табуу үчүн өкмөткө техникалык жардамды берүүнү айкалыштырат.

Пикир

Оставить комментарий