• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз каттамасы дүйнөнү багындырат. Шейх Боомдогу айтылуу апаны Абу-Дабиге чакырды (видео)

Коом 0


Бишкек, 14.12.22. /Кабар/. Боом капчыгайына кире бериштеги көпчүлүгү тамшанып жеген каттамаларды жасаган айтылуу апа үй-бүлөсү менен эки жумага Абу-Дабиге кетти. Аларды шейх анын ашпозчуларын каттама жасаганды үйрөтүү үчүн алып кеткен. Бул тууралуу фут-блогер Адилет Ногойбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстанга үй-бүлөсү менен келген шейхти коштоп жүргөндөр Ысык-Көлгө бараткан жолдо жергиликтүү ашкана менен тааныштырышкан. Аларга каттама жана сүт кошулган чайдын даамы аябай жаккан.

Сапардын уюштуруучулары айткандай, шейх Ира эжени үй-бүлөсү менен Абу-Дабиге алып кеткен, ал үй-бүлөсү менен эки жума мейманканада эс алат.

Пикир

Оставить комментарий