• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үйдүн жер төлөөсүнөн эркек кишинин сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Бишкектин Москва көчөсүндөгү №162 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнөн эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 13-октябрь күнү саат 20:49да "102" кызматына үйдүн жер төлөөсүндө эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган куткаруучулар адамдын сөөгүн жер төлөөдөн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий