• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт. Программасы

Маданият 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жаштарынын XVII Дельфи оюндары өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 6-10-октябрь күндөрү орун алмакчы.

Дельфи оюндары конкурстук жана фестивалдык багытта болот. Ага ылайык Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн 10 жаштан 25 жашка чейинки жарандары катышат.

Алар фортепиано, скрипка, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, үйлөмө аспаптарда ойноо, көркөм өнөр жаатында, улуттук аспаптарда өнөр тартуулап, алдыңкы орунду алгандарга атайын номинациялар ыйгарылат.

Дельфи оюндарынын программасы:

7-октябрь

18:00-19:30

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндарынын расмий ачылыш аземи

Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (чоң залы).

8-октябрь

09:30- 18:30

Номинациялар боюнча сынактык программалар

Фортепиано багыты- П.Ф.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби (чоң зал);

Скрипка багыты – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (кичи зал);

Академиялык ырдоо багыты - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (чоң зал);

Эстрадалык ырдоо багыты - К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (чоң зал);

Жеке элдик ырдоо багыты - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Малахит залы);

Сүрөт искусствосу – Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи.

Элдик бий – Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;

Үйлөмө аспаптар багыты– М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы (чоң зал);

Көркөм кол өнөрчүлүк багыты– Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи.

Эл аспаптар багыты – Т. Сатылганов Кыргыз улуттук филармониясы (кичи зал).

12:00-13:45

Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн катышуусунда эл аралык концеренция өтөт

Конференциянын негизги темалары болуп: “Дельфы оюндары-Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүндө жаш таланттарды, чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүнү жана иш-чара туризмин колдоонун натыйжалуу куралы” жана "2023-жыл - Орус тили КМШда улуттар аралык байланыштын тили жылы” маселелери талкууланат.

Өтүүчү жери: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар залы

9-октябрь

14:00

Сыйлыктарды тапшыруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 3 локацияда өткөрүлөт.

1-локация

Академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо , сүрөт искусствосу жана Көркөм кол өнөрчүлүк багыттары

Өтүүчү жери: А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры (Малахит залы);

2- локация

Элдик бий, үйлөмө жана элдик аспаптар багыттары

Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (кичи зал);

3- локация

Фортепиано, скрипка жана эстрадалык ырдоо багыттары

Өтүүчү жери: К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы (чоң зал);

18:00-20:00

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын жабылыш аземи жана гала-концерти

Өтүүчү жери: Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (чоң зал).

Пикир

Оставить комментарий