• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 573 автобусу, «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 297 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 122 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыкты.

Ошондой эле шаар аймагында 615 кичи автобус дагы иш алып барууда.

Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Пикир

Оставить комментарий