• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттун баасын 19 сомго чейин көтөрүү каралууда

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Шаардык мэрия Бишкек шаардык кеңешинин “БШКнын транспорт жаатындагы айрым токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтом долбоорун укуктук жөнгө салууну талкуулоо жана сунуштарды жыйноонун башталганын жарыялайт.

Документтер айтылгандай, жөнгө салуучу таасирди талдоо уурунда мамлекеттик жөнгө салуунун төмөнкү варианттары каралган:

- №1 варианты. “Бардыгын ошол бойдон калтыруу”.

- №2 вариант. Муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке ирмалык ташуучулар классындагы автобустарда жол акынын баасын 15 сомго көтөрүү менен БШКнын токтом долбоорун кабыл алуу.

- №3 альтернативдүү жөнгө салуу варианты. Муниципалдык коомдук транспортто жүрүү тарифтерин белгилөө менен БШКнын токтомунун долбоорун кабыл алуу: автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары – 19 сом.

Белгиленгендей, эксплуатациялык чыгымдардын жана инфляциянын деңгээли өсүп жаткан учурунда учурдагы тарифтерди мурдагы деңгээлbyде калтыруу менен жеке транспорттук компаниялар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын мындан ары төмөндөшүн, абалдын начарлашын, жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелеринин бузулушу, шаардык каттамдарда колдонулган кыймылдуу курамдын жаңылануу темпинин төмөндөшүн, унааларды өз убагында оңдоонун жана линияга киргизүүнүн топтоочу резервинин азайышын күтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий