• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте милиционер катышкан жол кырсыгы адам өлүмү менен коштолгон

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкекте бир аялдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Маалым болгондой Mercedes унаасынын айдоочусу милиция кызматкери болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек ШИИБнин автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиционер Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери экендиги тастыкталган.

Белгилей кетсек, Бишкектеги 7-апрель жана М. Горький көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz” жана “Toyota Avensis” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсык бүгүн, 21-январда болжол менен түнкү саат 00:35тер чамасында болгон.

Анын кесепетинен “Toyota Avensis” унаасынын жүргүнчүсү 1985-жылы туулган А.М.Б. аттуу аял каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий