• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мыкты жаачылар аныкталды – биринчиликтин жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкекте Кыргызстандын жаа атуу боюнча биринчилиги өттү. Бул биринчилик Чыңгыз Айтматовдун элесине арналып өткөрүлдү.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Жарыш жаштар (балдар жана кыздар) жана чоңдор (эркектер жана кыз-келиндер) арасында болду.

Мелдешке үч мектептин жаачылары катышкан: Олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби (Чүй облусу), Билимкана жана “Манас” университети.

Чондор арасындагы жеңүүчүлөр:

1. Улукбек Курсаналиев
2. Азим Осмоналиев
3. Алмаз Ширинов

1. Айтурган Маматкулова
2. Диана Канатбек кызы
3. Жибек Канатбек кызы

Жаштар арасында:

1. Камила Жапарова
2. Сезим Акелеева
3. Искендер Асангалиев.

Мындан тышкары, 2018-жылдын жыйынтыгы менен мыкты спортчу наамын “чоңдор” арасында Улукбек Курсаналиев менен Асель Шарбекова алса, жаштар арасында бул наамга Айтурган Маматкулова татыды.

Пикир

Оставить комментарий