• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар АКШда өткөн Эл аралык фестивалда алтын медалга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Элдос Айтбаев (80 кг) жана Эльза Абдыкадырова (70 кг) Флорида штатынын Орландо шаарында (АКШ) өткөн Эл аралык фестивалда алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Фестиваль ушул жылдын 2-5-ноябрь күндөрү өткөн. Ага Кыргызстан, Россия, Пакистан, АКШ, Канада, Венгрия, Япониядан келген спортчулар катышты.

Пикир

Оставить комментарий