• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Гамбург шаарынын биринчи мэри менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Биз Германия менен болгон өз ара мамилелерди жогору баалайбыз жана мындан ары аны бардык тармактарда ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө умтулабыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жылдарында достук жана өнөктөштүк мамилелер өнүгүп, алар үзгүлтүксүз саясий диалог менен коштолууда», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Гамбург Германиянын экономикасынын жана соодасынын борбору катары эки өлкө ортосундагы сооданы жана бизнести кеңейтүү үчүн символикалык жер экенин белгиледи.

Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы германиялык тажрыйбаны жана технологияларды үйрөнүүгө жана ишке киргизүүгө, ошондой эле коомдук транспортту, шаар курууну пландаштыруу, таштандыларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү, жарандарды уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер шаарда кыргыз-герман бизнес-форуму жана ишкерлер кеңешинин жыйыны Гамбургдун ишкер чөйрөлөрүнүн активдүү катышуусу менен өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи. Ал өлкөгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Петер Ченчер кыргыз тарап менен жашыл энергетика, транспорт жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий