• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте парламенттик угуунун катышуучулары пенсиялык системаны реформалоо маселесин талкуулоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өткөрүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган тиешелүү министрликтердин, жарандык коомдордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйынды алып барган Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова пенсия чегерүү, анын көлөмү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармактарында көйгөйлөр арбын экенин белгилеп, парламенттик угуу алкагында айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен тийиштүү чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

Эдил Байсалов белгилегендей, бул багытта иштер колго алынып, социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйтүү жана социалдык чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин маянасын жогорулатуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө.

Андан соң Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева баяндама жасады. “Республика боюнча пенсия алгандардын көбү Ош облусунда. Тагыраагы, 141 686 жаран пенсия алат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Чүй облустары турат. Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Бишкек шаарынын тургундары көп чегерет”,– деп маалымдады ал.

Гүлнура Жуматаева ошондой эле көмүскө жүргүзүлгөн аракеттер тууралуу да сөз кылды. “Көпчүлүк жеке ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын санын толук көрсөтпөй, социалдык жана башка салыктык төлөмдөрдү жүргүзбөстөн көмүскө иш алып барат. Натыйжада иштегендер келечекте медициналык тейлөөдөн жана пенсиядан куру калуу коркунучу бар. Алсак, мейманкалардын 88%ы, транспорт-жүктөрдү сактоо тармагындагылардын 81%ы, дүң жана чекене соода жүргүзгөндөрдүн 86%ы, курулуш тармагындагылардын 94%ы, айыл чарба тармагындагылардын 78%ы, кайра иштетүү тармагындагылардын 76%ы көмүскөдө же формалдуу эмес иш алып барышат”, – деди ал.

Мындан тышкары, пенсиянын көлөмү жана томтомо бөлүгү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп: “Канчалык камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөсөң, ошончолук жогору өлчөмдөгү пенсия чегерилет”,– деп кошумчалады Гүлнура Жуматаева .

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий