• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир аял киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 3-кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 07:50дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт 08:18де чектөөгө алынып, 08:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон.

ӨКМ көп кабаттуу үйлөрдө түтүндөн коргоочу автономдуу детекторлорду жана биринчи өрт өчүрүүчү жаймандарды орнотуу зарылдыгын эскертип, кырсык болгон учурда 101 жана 112 номери аркылуу куткаруу кызматына дароо чалууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий