• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сүрөтчү Абдысадыр Турусбековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Абдысадыр Турусбековдун жеке көргөзмөсү өтүүдө.

“Жан дүйнө сүрөт жалгашы” аталышындагы көргөзмө 22-сентябрга чейин уланат.

Абдысадыр Турусбековдун өзүнүн кайталангыс стили бар. Мында композиция аркылуу көлөмдөрдүн, түстөрдүн, текстуралардын жана мейкиндиктин өз ара аракеттенүүсү көрсөтүлөт. Ошол эле учурда батыш менен чыгыштын көркөм ой жүгүртүүсүнүн көркөм ыкмаларынын терең синтези жүзөгө ашырылат.

Эске сала кетсек, Абдысадыр Турусбеков 1953-жылы Таластын Арал айылында жарык дүйнөгө келген. 1977-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын бүтүргөн.

Ал эми 1997-жылы Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин мүчөсү болот. Мольберттик живопись тармагында иштейт. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Эмгектери Кыргызстандагы, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги жеке коллекцияларды турат.

Пикир

Оставить комментарий