• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сейил бакты курууда кемчиликтер аныкталды

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунун акими Мурат Осмонов Нариманов жана Алтай тилкелеринин кесилишиндеги жаңы сейил бактын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кемчиликтер аныкталып, сын-пикирлер айтылды.

Тактап айтканда, объектти бүткөрүү мөөнөтүнүн бузулушу, бир катар көрктөндүрүү элементтеринин жоктугу, балдар аянтчасынын толук эместиги, көлөкө чатырларды жарыктандыруу үчүн электр зымдарынын сапатсыз орнотулушу аныкталды.

Жыйынтыгында жетекчи айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен ишти аягына чыгарууну тапшырып, жашыл бурчту курууда жеке жоопкерчилик туурасында эскертти.

Белгилей кетсек, аянтта «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы иштеп жатат, иш 90% бүттү, жашыл аянттын аянты 0,8 гектар, брусчаткалар төшөлүп, көчө жарыктандыруучу мамылар, отургучтар, сугат лотоктору, ворк-аут аянт орнотулуп, андан ары жашылдандыруу менен газон чөптүн үрөнү себилди.

Пикир

Оставить комментарий