• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Манас айылы» маданий мураска айланышы керек – Президенттин иш башкармасы ачык сынак жөнүндө

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбооруна жарыяланган ачык архитектуралык сынак тууралуу президенттин Иш башкармасы маалымат берди.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин президент Садыр Жапаров “Манас айылындагы” этнографиялык комплексти реконструкциялоо боюнча концептуалдык долбоор менен таанышкан.

«Манас айылы» этнографиялык комплексин жандандыруу жөнүндө президенттин администрациясына көптөгөн кайрылуулар түшкөнү, Мамлекет башчысы комплексти анын аталышына шайкеш келгидей кылып реконструкциялоо тапшырмасын койгондугу белгиленет.

“Манас” эпосунун кыргыз эли үчүн маанисин, бул долбоордун масштабдуулугун эске алуу менен комплекс элдин этносун, анын көп кылымдык тарыхын, кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын, келечек муундар үчүн тарыхты сактоонун символу болот деп болжолдонууда.

«Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоого коомчулуктун кызыгуусу жогору болгондуктан, «Манас айылы» комплексинин концепциясын иштеп чыгуу үчүн ачык архитектуралык сынак уюштуруу чечими кабыл алынды.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда жарыяланган сынак шаар куруу жана комплекстин аймагын архитектуралык өнүктүрүү боюнча жаңы идеяларды жана концептуалдык чечимдерди табуу максатында уюштурулган.

Концепция «Манас» эпосунун маданий жана тарыхый баалуулугун камтып, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтүп, ошол эле учурда Бишкек шаарынын жана бүткүл Кыргызстандын маданий мурасына айланышы керек. Билдирүүлөр үстүбүздөгү жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 3 млн сомдун тегерегинде. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн.

Калыстар тобунун курамына Маданият министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун, Сүрөтчүлөр союзунун, скульпторлор, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар кирет.

Пикир

Оставить комментарий