• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте шахмат боюнча КР чемпионаты старт алды

Спорт 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Бишкекте 4-январда балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча КР чемпионаты башталды,-деп билдирет уюштуруучулар.

Бардыгы болуп балдар жана кыздар арасында 14 жуп медаль ойнотулат (6, 8, 10, 12, 14, 16 жаш жана 18 жашка чейинчилер арасында).

“Чемпионаттын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан Азия жана дүйнө чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алышат”,-деп билдирет КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.

4-январда Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде турнирдин ачылышы болду.

Пикир

Оставить комментарий