• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык шахматчылар Өзбекстанда өткөн турнирде 3 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 22.12.23. / Кабар/ Кыргызстандык спортчулар балдар-өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча мелдеште 3 медаль утту.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Rokirvka Festival 2023 аталышындагы турнир Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Кыргызстандан Шахмат боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында жаш шахматчылар 3 медалга ээ болушту:

  • Жибек Сагынбекова – 1-орун (10 жашка чейинки балдар арасында);
  • Адия Аманова – 3-орун (10 жашка чейинки кыздар арасында);
  • Айнура Исаева – 3-орун (12 жашка чейинки кыздар арасында).

Пикир

Оставить комментарий