• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыкты

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмазбек Истамбаев үй камагына чыкты.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Истамбаевдин баш коргоо чарасы кайрадан каралып, ал үй камагына чыгарууга өзгөртүлгөн.

Эске сала кетсек, ал декабрдын башында УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.

Пикир

Оставить комментарий