• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте театрлардын фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. 20-21-июнда Кыргызстандын театр ишмерлер союзу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен биргеликте белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаевдин пьесалары боюнча Кыргызстан театрларынын республикалык фестивалы өтөрүн Кыргызстан театр ишмерлеринин союзу билдирди.

Драматург катары Р.Отарбаев Кыргызстанда таанылган. Анын 20-кылымдын 90-жылдарындагы алгачкы “Абуталип-апенди” пьесасы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында белгилүү театр режиссеру Искендер Рыскулов тарабынан коюлган. Ошондон тарта кыргыз театрларында казак драматургунун пьесалары боюнча 10 дон ашык спектакль коюлган. Казак-совет адабиятынын классиги жана драматург М.Ауэзовдон башка бир дагы казак драматургу кыргыз театрларынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эмес. Р.Отарбаев улуттук театр искусство академиясынын, Кыргызстан театр ишмерлеринин союзунун академиги жана Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Анын “Тагдыр” аталышындагы пьесасы Кыргыз улуттук драма театрында көрүүчүлөр үчүн 500 дөн ашык жолу коюлган. Бул эгемен кыргыз тарыхында өзүнчө рекордду түзөт. Совет убагында эле, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу”, Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат”, Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” чыгармалары дээрлик чет өлкөлөргө таанылган. Бүгүнкү күндө Р . Отарбаевдин пьесалары Казакстандын баардык театрларында коюлуп келет.

Эки жолу автордун мекенинде анын урматына эл аралык театр фестивалы уюшулган. Драматургия боюнча кыргызстандык 8 жамаат катышат. Байге фонду 12 наам боюнча 700 миң сомдон ашат. Бул дагы Кыргызстан фестивалы үчүн өзгөчө рекорд. Кыргызстан театр ишмерлеринин бирлигинин улуттук ‘Эргүү’ сыйлыгынын байге фонду гана 800 миң сомду түзөт.

24-июнда Р.Отарбаевдин драматургиясы боюнча республикалык театр фестивалы жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен жыйынтыкталат. Алгачкы күндөн тарта мыктыларды тандоо боюнча, белгилүү казак театр ишмери Эркин Жуасбековдун башчылыгы менен эл аралык жюри түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий