• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте учурда 816 адам үй карантининде - Суракматов

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бишкекте үй карантинине 4 миң 505 адам алынса, азыркы учурда 816 адам калды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында үй карантинине алынган адамдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 40 мобилдүү бригада түзүлгөн.

"Бригаданын курамына дарыгер, эпидемиолог, лаборант жана айдоочу кирет. Мобилдик бригада менен 7 миң 295 текшерүүлөр өткөрүлүп, 4 миң 552 ПЧР жана 3 миң 464 экспресс-тест алынган. Республикалык штабдын чечими менен түзүлгөн мобилдик топтор 68 очок жеринде иштеп жатат. 30-апрелге карата 288 үй изилденип, 516 адамдан экспресс-тест алынып, жыйынтыгы таза чыкты", - дейт ал.

Мэр белгилегендей, Бишкек шаарынын тургундарынан оперативдүү түрдө ооруну алдын алуу максатында 118 номери боюнча 4 миң 120 адам кайрылган.

"Чет жактан келген 2 миң 673 адам обсервациядан өткөрүлүп, азыркы убакытта алардын 240 адам обсервацияда жатат", - дейт шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий