• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте унаа даракты сүзүп алды, жабыркагандар жок

Кырсык 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Бишкектеги Фрунзе көчөсүндө кечээ, 17-январда болжол менен саат 19.00дө жол кырсыгы катталган. 32 жаштагы П.В., аттуу жаран башкарып бара жаткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа даракты барып сүзгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок, унаанын алдыңкы бөлүгүнө зыян келген.

Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ЖКККК кызматы иштеп жатат.

КР ИИМ ЖКККК кызматы дагы бир жолу жолдор тайгак экендигин эске салат! Абайлаңыздар!

Пикир

Оставить комментарий