• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өзүн жардырууга даярданып жаткан жанкечти кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 8- июнь /Кабар/. УКМК кызматкерлери тарабынан эл көп жерде теракт жасоого камынып жүргөн эл аралык терорристтик уюмдун мүчөсү М.А. кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

М.А. берген маалыматка ылайык, ал жардыруу жана өзүн-өзү өлтүрүү боюнча идеологиялык даярдыктардан өткөн. Ошондой эле, жардыруучу заттарды жасап, башчыларынын буйругу менен эл көп жерде өзүн жардырууга даярданып жүргөн.

Анын жашаган жеринен жардыруучу заттардын курамы, аны даярдоонун жолдорун үйрөткөн нускама, аудио-видео материалдар, экстремисттик мазмундагы китепчелер, граната, ар кандай калибрдүү ок-дарылар табылган.

УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий