• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ,8-апрелде саат 18:00дөр чамасында 112 кызматына чалуу түшүп, курулуп жаткан 10 кабаттуу үйдүн чатырында аял киши өз жанын кыюуга аракет кылып жатканын кабарлаган.

Окуя орун алган жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулар тобу жетип келишкен. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө аялдын көңүлүн башка жакка буруп, куткаруучулар аны кармап калышкан.

Куткарылган аялга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал тез жардам кызматынын дарыгерлерирне жана милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий