• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жаңы гүлбакча ачылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бишкектин Ажибек баатыр көчөсүндө жаңы гүлбакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирет.

Жаңы эс алуу аймагынын жалпы аянты 0,356 гектарды түзөт.

Гүлбакчада отургучтар, балдар аянтчасы, воркауттук жабдуулар жана жарыктандыруу орнотулду.

Ошондой эле дарактардын көчөттөрү отургузулду.

Башкармалык борбордун тургундарын жана конокторун жаңы эс алуучу аймактарга аяр мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий