• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР ТИМи Ирандын Сириядагы консулдугуна жасалган ракеталык чабуулдарга терең тынчсыздануусун билдирет

Саясат 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан Ирандын консулдук мекемесине жасалган ракеталык чабуулдардан улам адам курмандыктарына алып келген окуяга байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргыз Республикасы тараптарды эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, биринчи кезекте БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чыр-чатакты чечүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий