• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын эки кичирайонунда автобустук каттамдар ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Ак-Тилек жана Жеңиш кичирайондорунда автобустук каттамдар ачылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындан ары Ак-Тилек кичи районуна 4 автобус, ал эми Жеңиш кичирайонуна 10 автобус каттам жүргүзөт.

Мындан сырткары, Тайгараев, Конгантиев аймактык башкармалыктарына да автобустардын каттамы жүргүзүлөт.

Муниципалдык автобазанын жетекчиси билдиргендей, буга чейин шаарда 2 гана автобустук каттам болгон болсо, учурда 5 жаңы каттам ачылды. Алардын экөөсүндө автобустар каттамга чыкса, калгандарында автобустар жүрүүчү көчөлөрдү тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий