• 88.68
  • 95
  • 0.95

3-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 3-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Талас облусунда+10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл облусунда +9…+14, Нарын облусунда +8…+13 градус болушу күтүлөт.

Ал эми абанын табы Бишкек шаарында +16…+18 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий