• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жарыктандыруу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаанын Исанов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен Щербаков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Жарыктандыруучулар бригадасы 28 светодиоддук чырактарды орнотуп, 600 метр изоляцияланган зым (СИП) тартты.

Пикир

Оставить комментарий