• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги "Fiх Рrice" дүкөнүнөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.21. /Кабар/. Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан "Fiх Рrice" дүкөнүнөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, штаб жана 1 автошаты тартылган.

Мындан тышкары Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 2 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

"Fiх Рrice" дүкөнүнөн чыккан өрт саат 09:19да чектөөгө алынып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий