• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда өзбек-казак жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгынан 16 киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Владимир облусунда поезд автобус менен кагылышып, натыйжада 16 киши каза болду, алардын арасында жаш бала бар. Бул тууралуу Иликтөө комитети кабарлайт.

Беш жүргүнчү ар кандай жараттары менен ооруканага жеткирилген. Алардын экөө жаш балдар, экөөнүн абалы оор,-деп жазат РИА Новости.

Жол кырсыгы 6-октябрга каратаган түнү Покровка станциясына жакын темир жолунда катталган. Казак номерлүү автобус менен поезд кагылышкан. Автобустун ичинде Өзбекстандын 55 жараны жана эки Казакстандык айдоочу болгон.

Автобус темир жолдон өтүп баратып өчүп калган. Нөөмөтчү бул тууралуу жакындап калган поезддин машинистине эскерткен. Бирок чукул тормоз берсе дагы поезд токтоно албай барып автобусту сүзгөн.

“Ал убакта автобустун ичиндеги 50 адам уктап жаткан, айдоочу кыйкырганда, алардын 34ү автобусту түртүү үчүн сыртка чуркап чыккан. Алар аман калып, автобустун ичинде калгандары каза болушкан. Автобусту талкалап кеткен”-деп айтылат маалыматта.

Кылмыш иши козголуп, окуя болгон жерде иликтөөчүлөр иш алып барышууда.

Пикир

Оставить комментарий