• 88.68
  • 95
  • 0.95

Григорьев капчыгайында өрт 5 га жерди каптады

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ саат 14:30 – 15:00 аралыгында Ысык-Көл облусунун Григорьев капчыгайында өрт чыккан. Тилсиз жоо 4-5га жерди каптаган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө жергиликтүү кызматтардан 43 куткаруучу жана ошондой эле жергиликтүү администрация менен токой чарбачылыгынын 20 кызматкери тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону кечки саат 9 чейин өчүрүшкөн. Кеч кирип кеткенине байланыштуу өчүрүү иштери токтотулуп, бүгүн таңкы саат 06:30 тарта кайрадан улантылды.

Учурда өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий