• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүнүн тротуары жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 21.08.23. /Кабар/. Борбор калаанын Тоголок Молдо көчөсүн бойлой жаңы тротуардын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Тоголок Молдо көчөсүн бойлой тротуардын капиталдык курулушу башталды.

Ишти "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, курулуш иштери Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин чыгыш тараптан пландалууда.

Учурда Жибек-Жолу проспектисинен "Спартак" стадионуна чейинки аралыкта иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий