• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР жана КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Ильяс Давыдов каза болду

Коом 0

Бишкек, 04.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тармагы оор жана орду толгус жоготууга учурады. Бүгүн, 4-мартында 82 жаш курагында Эмгек сиңирген энергетик, КР өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Давыдов Ильяс Абдуллович каза болду.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Давыдов менен коштошуу зыйнаты эртең 5-мартта, саат 10:00дө КР Энергетика министрлигинин имаратынын жанында өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу көч, 326.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жамааты Давыдов Ильяс Абдуловичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Пикир

Оставить комментарий