• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде өрт чыгып, 63 жаштагы адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Бишкекте Көк-Жар жаңы конушунда үй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13-июнда саат 15:03 чамасында Майрам көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Өрттүн кесепетинен 80 чарчы метр болгон үй толугу менен күйүп, 1955-жылы туулган Н.Бегалиев аттуу жаран 3-даражадагы күйүк алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Өрттүн чыгуу себептери аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий