• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектик спортчулар армрестлинг боюнча Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээледи

Спорт 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Бишкектик спортчулар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында армрестлинг боюнча ХХ Азия чемпионатында байгелүү оорундарды ээледи. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган чемпионатка Бишкектеги олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин 4 спортчусу теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча катышкан. Ал эми спортчулардын машыктыруучусу Олег Алчинов.

Мэриядан белгилешкендей, Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн мелдешке жалпысынан 12 өлкөдөн 850дөн ашык спортчу катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

- Камчыбек уулу Эрлан (60 кг чейинки салмак жана угуусу начарлар категориясы) – сол кол менен 2-орун, оң кол менен 3-орун;

- Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) – сол кол менен 3-орун;

- Токтосун уулу Бекболсун (абсолюттук салмак жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуу категориясы) -сол жана оң кол менен 3 -орун.

Пикир

Оставить комментарий