• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатынан кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрда бокс боюнча Азия чемпионатына катышкан Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Cпортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, Кыргызстандын бокс федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары, достору жана күйөрмандары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Азия чемпионатында Санжар Сейдакматов (54 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Эркинбек Адылбек уулу (86 кг) коло медаль жеңген.

Мелдеш 30-октябрдан 13-ноябрга чейин Иорданиянын Амман шаарында өттү.

Пикир

Оставить комментарий