• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин аялдамалары кызгылт сары түскө боёлду

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Бишкектин аялдамалары кызгылт сары түскө боёлду

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгүндөгү аялдамалар ачык кызгылт сары жана боз түскө, ал эми отургуч жана таштанды салгычтар ачык мандарин түскө боёлду.

Ал эми Фучик көчөсүндөгү бир аялдаманын сыры жаңыртылып, Калык Акиев - Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 3 аялдама сырдалып бүттү.

Мындан тышкары, Абдрахманов көчөсүн бойлой Жибек Жолу проспектисинен Келечек конушуна чейин жана Дэн Сяопин көчөсүн бойлой Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки аялдамалардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий