• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым райондорунда 20-21-декабрда газ берүү убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 20-21-декабрда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү шаардын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу төмөнкү райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт: "Аламүдүн – 1" кичирайону, "Энергетиктер" шаарчасы, "Курулушчулар" шаарчасы, "Учкун" жаңы конушу, Лебединовка айылында төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында: Калинин, Жениш пр., Садовая, Токмок.

Компания тез аранын ичинде жумуштарды бүтүрүүгө жана жаратылыш газын берүүгө болгон күч аракетин жумшайт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий