• 88.68
  • 95
  • 0.95

Журналист-жазуучу Жамийла Кочкорбаева дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын журналист-жазуучусу Жамийла Кочкорбаева 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Жамийла Кочкорбаева 1937-жылы 27-августа Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке колхозунда туулган.

Жети жылдык мектептен кийин Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинен үч жыл окуп, аттестат алгандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1955-1960) 1960-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы республикалык “Ленинчил жаш” жаштар гезитине адабий кызматкер болуп орношкон.

1962-жылдан 1965-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитине которулуп, анда адабий кызматкер болуп иштеп туруп, кайра “Ленинчил жашка” бөлүм башчы болуп которулат. Анда 1969-жылга чейин иштеп, 1970-жылы Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетине которулуп, радиодо 2 жыл иштейт. Телекөрсөтүүдө “Эл чыгармачылыгы” аттуу редакция ачылып, ага улук редактор болуп дайындалат. Андан кийин ошол эле жылы балдар редакциясы менен жаштар редакциясы биригип, ага редакциянын башчысынын орун басары болуп бекитилет. Бул жерде 1975-жылга чейин иштеп туруп, 1975-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитине которулуп, анда “Ички жана тышкы маалыматтар” бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат.

Редакцияда алты жыл иштеген соң, 1981-жылы “Кыргызстан аялдары” журналына которулуп, журналдын “Жооптуу катчы” милдетине бекитилип, ардактуу эс алууга кеткенге чейин ийгиликтүү иштеп турду. 1995-жылы өкмөттүү эмес, Кыргызстан аялдар комитетинин “Аялзат” аттуу гезитинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген.

Ээлеген кызмат орундарына жана кесиптик иш алып баруусуна карабай, чыгармачылык ишин азга да токтоткон жок. “Гудок” (1994), “Тоолордо калган сүйүү” (1995), “Гүлкайыр” (1997), “Тамырлаш тагдыр” (1998), “Стальная магистраль Кыргызстана” (1998), “Тунугу өчпөйт жылдыздын” (2006), “Жизнь отданная железной дороге” (2007), “Дарика сен ырдасаң” (2008), Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 50 жылдыгына арналган “Кадамдаш жубайлар” (2009), “Кайталангыс Кайыргүл” (2010), “Каректе калган ак булут” (2013), “Айлуу түн күбө аларга” (2013) жана “Чолпонбек Базарбаев дүйнөлүк классикалык балеттин Генийи” (2019) аттуу китептери анын жазуучулук дараметинин бийиктигинен кабар берет.

Журналист-жазуучу Жамийла Кочкорбаева 1967-жылдан бери Журналисттер Союзунун жана 1996-жылдан бери Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий