• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштон Ысык-Көлгө каттамдарды ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 30-июнунда ата мекендик «Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Каттамдар жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат.

«Манас» аэропорту аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий