• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 19.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында (Катар Мамлекети) Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Пикир

Оставить комментарий